Буздурулган «Батуми» кафесинин ээси УКМКга арыз жазганы маалым болду

  • 11 месяцев мурун

Кечээ, 24-майда, Бишкек мэриясы тарабынан буздурулган кафенин ээси менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жолукканын жана кафенин ээси УКМКга арыз жазганын адвокат Кайсын Абакиров билдирди.

-Окуя болгон “Батуми” кафесине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келди жана буздурулган кафенин ордун көрдү, менчик ээлери, кызматкерлер менен жолукту. Жеке менчик мүлктү жок кылганы үчүн УКМКга арыз берилди жана жеке менчик мүлктү бузууга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга арыз берилди, -деди адвокат Абакиров.   

Кайсын Абакиров «Батуми» кафесинин ээсинин бардык документтери болгонун, салык төлөп келгенин, бузуу боюнча соттун чечими берилбегенин кошумчалап кетти:

-«Эстоунд» ЖЧКсы ушул убакка чейин эч кандай мыйзам бузган эмес, бардык уруксат документтери алынган, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын 02.03.2021-жылдагы №993 Бишкек шаарынын башкы архитектурасы менен бекитилген архитектуралык-пландоо шарттары жана инженердик-техникалык шарттары бар. Ижара келишими боюнча 2004-жылдан бери «Эстаунд» ЖЧКсы тарабынан 339 300 сом жер салыгы, ал эми 19 жылдык жерди ижарага алуу үчүн 7 000 000 сомго жакын жер салыгы жергиликтүү бюджетке төлөнгөн, мындан тышкары 2021-жылдын май айынан баштап ай сайын товар жүгүртүүдөн 300  миң сом төлөп келген, бул жылына 7 миллион 500 000 сомго жакын жергиликтүү бюджетке. кафеде 50гө жакын адам жумуш менен камсыз болуп, татыктуу эмгек акы алып, Социалдык фондго чегерүүлөрдү камсыз кылууда.

«Батуми» кафесинин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт, мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 000 000 сомго жакын. Бардык уруксаат кагаздары болгонуна жана “Батуми” кафесин бузуу боюнча соттун чечими жок болгонуна карабастан, Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын мэриясынын жана ИИМдин 100гө жакын кызматкерин тартуу менен кафени бузууну уюштуруп, мыйзамсыз аракеттерди жетектеди. Бизде Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 17-майындагы №13-01/390 каты гана бар, анда шаар мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген, бирок бул документ объекти бузууга негиз боло албайт. Учурда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянат пайдалануу, өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыз берилди, -деди Кайсын Абакиров.

“Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова имаратты буздурбай турууну, дагы 3 күн мөөнөт сурады. Бирок вице-мэр Нурлан Орунтаев кафенин ижарасынын мөөнөтү өткөнүн жана буга чейин эскертүү берилгенин айтып, кафе ээсинин каршылыгына карабастан, имаратты буздура баштады.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев мындай деди:

-Кафенин ижарасынын мөөнөтү бүттү. Андан тышкары көптөгөн мыйзам бузуулары бар. Машина токтотуучу жайга берилген участоктун  жарымы ресторан катары пайдаланылган. Жеңил курулуштун ордуна, капиталдык курулуш курулуп коюлган. Биз эскертүү кагазын 15-майда эле бергенбиз. Бирок «түрттүрүлөт» дегенге эч кандай реакция кылынган эмес.    

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты