«Батуми» кафеси буздурулуп жатканда, анын ээси менен мэрия кызматкерлери чырдашты (Видео)

“Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова имаратты буздурбай турууну, дагы 3 күн мөөнөт сурады. Бирок вице-мэр Нурлан Орунтаев кафенин ижарасынын мөөнөтү өткөнүн жана буга чейин эскертүү берилгенин айтып, кафе ээсинин каршылыгына карабастан, имаратты буздура баштады.

Кафе ээси Кадича Бечелова мындай деди:

-Мен бул жерди уурдап алган эмесмин.  Мен азыр кардиологиядан, ооруканадан келдим. Эмнеге алып жатканын айтыш керек жок дегенде. Бул жерде менин бир туугандарымдын бардыгынын үлүшү бар, мен бардыгына карызмын. Дагы бир үч ай иштегенден кийин мен актап алмакмын.  Сегиз бир тууганмын. Мобул жерди кандай кыйынчылык менен, керек болсо, мен жерди да сатып алганмын.  Чоңдордон сатып алганмын. Мен жөнөкөй гана мугалиммин.  Карапайым адамдардын арасынан чыккам, атам шофер, апам үй кызматкери. Мен да Токтогул районунда, Кара-Көл шаарында мугалим болуп иштегем. Эмнеге мындай кыласыңар? Мен квартирада жашайм, үч бөлмө үйдө жети киши жашайбыз. Ушунун карызынан али кутула элекпиз. Мына булардын баарын мен каякка алып барам? Канча минус болду?  Мен сегиз бир туугандын баарынан акча алып, үлүшүңөр болот дегем. Жерди анда мага эмнеге сатышат? Менде документтер толук бар. Документ жок болсо, бул жерди кантип иштетет? Документ болбосо, эч кандай иш бүтпөйт, -деди Кадича Бечелова.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев мындай деди:

-Кафенин ижарасынын мөөнөтү бүттү. Андан тышкары көптөгөн мыйзам бузуулары бар. Машина токтотуучу жайга берилген участоктун  жарымы ресторан катары пайдаланылган. Жеңил курулуштун ордуна, капиталдык курулуш курулуп коюлган. Биз эскертүү кагазын 15-майда эле бергенбиз. Бирок «түрттүрүлөт» дегенге эч кандай реакция кылынган эмес.    

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулууда. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген. Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

"Батуми" кафеси буздурулуп жатканда, анын ээси менен мэрия кызматкерлери чырдашты (Видео)

Сүрөттөр: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты