БУУ Украинадагы айрым кызматкерлерин убактылуу чыгарып кетет

  • 2 года мурун

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинадагы кызматкерлеринин бир бөлүгүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн убактылуу чыгарып кете турганын билдирди.

БУУнун басма сөз катчысы Алессандра Велуччи уюм ошол эле маалда мындан ары да Украинадагы, өзгөчө өлкөнүн чыгышындагы активдүү ишмердүүлүгүн уланта бере турганын белгиледи.

«Биз мурдагыдай эле бардык күчүбүздү жумшап иштей беребиз. Бирок уюм аймактагы кырдаалдын өнүгүүсүн эске алып, көмөкчү кызматкерлер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берүүдө» деди Велуччи.

Анын айтымында, БУУнун Украинадагы өкүлчүлүгүндө жалпысынан 1,5 миңдей кызматкер бар. Алардын 149у эл аралык жумушчулар болсо, 100гө жакын кызматкер өлкө чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда иштейт.

21-февраль күнү кечинде Орусиянын Gрезиденти Владимир Путин «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп аталган жикчил аймактарды тааныганын жарыялап, бул аймактарга орус аскерлери киргизиле турганын билдирген. БУУнун баш катчысы жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын мындай кадамдарын сынга алышкан.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 22-февралдагы отурумунда Президент Владимир Путиндин Украинанын чыгышында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөрдү мамлекет катары таануу чечимин бекитти.

АКШнын Президенти Жо Байден Украинанын чыгышындагы «Луганск Элдик Республикасы» (ЛЭР) жана «Донецк Элдик Республикасы» (ДЭР) деп аталган жикчил аймактарга санкцияларды киргизди. Тиешелүү жарлык АКШнын Ак үйүнүн сайтына жарыяланды.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты