БШКнын Дастан Бекешевдин шайлоо боюнча өкүлүнө айып пул салуу чечими жокко чыгарылды

  • 2 года мурун

БШКнын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо боюнча өкүлүнө үгүт иштерине жашы жете электерди аралаштырганы үчүн айып салуу жөнүндө чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бекешев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

«Биз жеңдик. Жогорку сот бул иште эч кандай далил жок экенине ынанды», — деп жазган ал билдирүүсүндө.

15-ноябрда Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 3 сааттан ашык сурап берип чыккан. Ал суракка шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу чакырылганын айткан.

19-ноябрда БШК УКМКнын маалыматын эске алуу менен Бекешевдин шайлоо боюнча өкүлүнө айыппул салуу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты