БШКнын алдамчылыкка шектелип кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов жумушка чыкты

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдамчылыкка шектелип кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов 26-январда жумушка чыкты. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин 26-январдагы отурумунда Акылбек Эшимовдун кызматтан кетүү боюнча арызын кайтарып алганы белгилүү болгон. Ал күнү Жогорку Кеңеш Эшимовду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карамак.

Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Эшимовго каршы А.Д аттуу жарандан арыз түшкөн. Кайрылуучу БШКнын мүчөсү 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, андан 550 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганын, ал үчүн жабырлануучуну аталган партиянын алдыңкы бештигине киргизип берүүнү убадалаганын айткан. Арызда экинчи тарап милдеттенмелерин аткарбай, алынган суммадан 300 миң доллар гана кайтарып бергени белгиленген.

Биринчи Май райондук соту Эшимовду тергөө иши бүткөнгө чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган.

Кийин Боршайком мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албай турганын, аталган мекеме саясий уюмдардын мындай иштерине киришүүгө укугу жок экенин жарыялаган.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Декабрда Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арыз тапшырганы парламентте айтылган. Ошол кездеги спикердин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева комитетке БШКнын мүчөлүгүнө жаңы талапкер боюнча сунуш келип түшкөнүн, эки маселе чогуу карала турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты