БШК мүчөсү Эшимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арыз тапшырды.

Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда, парламент жыйынында депутат Салайдин Айдаров билдирди.
Акылбек Эшимов 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Эшимовго каршы А.Д аттуу жарандан арыз түшкөн. Кайрылуучу БШКнын мүчөсү 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, андан 550 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганын, ал үчүн жабырлануучуну аталган партиянын алдыңкы бештигине киргизип берүүнү убадалаганын айткан. Арызда экинчи тарап милдеттенмелерин аткарбай, алынган суммадан 300 миң доллар гана кайтарып бергени белгиленген.

Биринчи Май райондук соту Эшимовду тергөө иши бүткөнгө чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты