БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 11 талапкерди каттады

  • 10 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 17-октябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды.

Төмөнкү арыз берүүчүлөр талапкер болуп катталды:

— Бекешев Дастан № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Алимжанова Нилуфар № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Набиева Асель № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Темирбаева Миргул  № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Калпаев Бактыяр № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Кожомкулов Фархат № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Бийбосунов Эркин № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Абакиров Элдар № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Утурбаева Мариякан № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Таалайбек кызы Жылдыз № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

— Талиева Камила № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.

Жумушчу топ тарабынан аталган талапкерлердин шайлоо документтери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты