БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
- 2 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 2-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык 54 байкоочуну аккредитациялады.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:
Азербайжан, Түркия, Молдова, Грузия, Армения, Мальдив,-Босния жана Герцеговина, Казакстандын-Борбордук шайлоо комиссиясынын,
— Астана шаарындагы Венесуэла Боливариан элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Франция элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын,- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ),- Парламенттик Ассамблеясынын, Россия коомдук палатасынын өкүлү.
Бардыгы болуп 54 байкоочу аккредитацияланды.
2-ноябрга карата жалпы 127 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




