БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкер көрсөтүү 9-мартта аяктай турганын эскертти
- 2 года мурун
БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына керектүү документтерди тапшыруу 2023-жылдын 9-мартында саат 24:00дө аяктай турганын эскертти.
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо ар бир шайлоо округу боюнча мандаттардын 30% пайызынан кем эмеси аял-талапкерлер үчүн резервге калтырылган.
14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине белгиленген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү