Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалды

  • 1 год мурун

Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештерине, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек,  Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 9-апрелде өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты