БШК Жалолидин Нурбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №5 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Жалолидин Нурбаевди каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымат жарыяланды.
Жалолидин Нурбаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 13-октябрда БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Нурбаев Жалолидин Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
Ички иштер министрлигинин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган маалыматка ылайык, Нурбаевге козголгон кылмыш иштери кыскартылгандыгы тууралуу маалыматтар келип түшкөн.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган, аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган учурларда шайланууга укуксуз.
Жалолидин Нурбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөттө: Жалолидин Нурбаев. kenesh.kg




