БШК талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эртең, 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт.
Ошондой эле мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак уюштурат.
Ушул эле күнү 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Төмөндө чүчү кулак өткөрүү иш-чараларынын графиги тиркелет.
Сүрөт: БШК имараты. «ПолитКлиника»




