БШК: “Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу”
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга жана өкүлдөрүнө кайрылды. Анда социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуу ниети жөнүндө арыз берген жарандардын билдирүүлөрү жарыяланып жатканы айтылат. Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу экенин билдирди.
Кайрылууда белгилегендей, жарыяларда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) тарабынан расмий түрдө аныкталбаган мобилдик тиркемелер аркылуу талапкерлердин шайлоо фондуна каражат чогултуу жөнүндө кулактандыруулар камтылган. Бул ыкмалар шайлоо мыйзамдарын жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды киргизүү тартибин бузууда.
Мындан тышкары, кайрымдуулук кылуучулардын, талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого катышуусуна чектөө коюлганы тууралуу туура эмес маалымат таратылууда.
Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 3-октябрындагы № 92 токтомуна ылайык, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» ачык акционердик коомдорун аныктады.
Мындан тышкары, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жүргүзүү үчүн аталган банктардын мобилдик тиркемелерин мыйзамдуу түрдө колдонууга уруксат берилген. (Кыргыз Республикасынын коммерциялык банк мекемелеринин мобилдик тиркемелеринин тизмеси жакынкы арада толукталат, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча маалымат берилет).
“Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт. Мындай кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн, идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат” .
БШК талапкерлерди жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүдөн карманууга, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулуктардын келип түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга чакырат. Мындай болбогон учурда, талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




