БШК төрагасы Шайназаров блогерлер менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 15-октябрда, өлкөнүн блогерлери менен жолугушту.

Тынчтык Шайназаров медиа коомчулук менен ачык кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда блогерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланышкан эрежелер, мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө коюлган чектөөлөр, шайлоо бюллетендеринин өзгөчөлүктөрү жана чүчүкулак өткөрүү тартиби боюнча бир катар актуалдуу суроолорду беришти.

Бул суроолорго жооп катары мыйзамдын нормалары жана үгүт жүргүзүү учурунда талапкерлер менен кызматташуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда расмий түрдө башталаары эске салынып, ага чейин шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлерге мөөнөтүнөн мурда үгүттөөгө тыюу салынаары айтылды.

Жолугушуунун аягында катышуучулар шайлоо жабдууларынын иштеши менен таанышып, тесттик режимде добуш берип көрүштү.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

БШК төрагасы Шайназаров блогерлер менен жолугушту

Сүрөттөр: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты