Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду.
Мыйзамды парламент 24-июнда кабыл алган.
Ага ылайык, мындан ары президенттик шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына туш келет.
Парламенттик шайлоо учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт.
Буга чейинки шайлоо мыйзамы боюнча президенттик кезектеги шайлоо 2027-жылдын 30-январында өтмөк.
Муну бөлүшүү




