БШК шайлоого жалпысынан эл аралык 297 байкоочуну аккредитациялады
- 4 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык 170 уюмдан байкоочуларды аккредитациялады. БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары Болгария, Россия, Египет шайлоо комиссиялардан жана башка уюмдардан байкоочуларды аккредитациялады.
Жалпысынан шайлоого аккредиталцияланган байкоочулардын саны 297 болду.
БШК 12-ноябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 297 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




