БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого № 27 Биринчи Май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” — https://tizme.gov.kg мамлекеттик порталына 5-февралда жайгаштырды.

Алдын ала тизмедеги № 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча алдын шайлоочулардын саны 109 457. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 103 413.

Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 212 870ду түзөт, алардын ичинен эркектер – 89 795, аялдар – 123 075, же тиешелүү түрдө 42,18%, 57,82%

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жалпы шайлоочулардын санына салыштырмалуу 24 863 жаранга көбөйдү жана 3 728 283 шайлоочуну түздү.

Шайлоочуларга эскертүү

2022-жылдын 11-январынан тартып 16-февралына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «https://tizme.gov.kg/ » сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2022-жылдын 16-февралына чейин (кошуп алганда) сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “https://tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты