БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгондорду жазалоону сунуштады

  • 11 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындап, ал эки айдын ичинде өтүшү керек. Мурда мыйзам бузган талапкерлер жарышка катыша албайт. Ошол эле учурда БШКнын жыйынында шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга себепчи болгон иш-аракеттер үчүн материалдык жоопкерчилик киргизүү сунушталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

28-майда Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алган.

29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева шайлоочулардын  добуштарын сатып алууга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Дамира Ниязалиева бул айыптоолорду четке кагып келет.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу округу боюнча Дамира Ниязалиеваны депутаттыкка талапкер катары каттоону четке какты.  БШК Дамира Нияалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. 

Ошондой эле экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган.

Ниязалиева сотко кайрылган. 9-июнда Бишкектин административдик соту БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапса, 16-июнда Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

БШК укук коргоо органдары каттоосу жокко чыгарылган эки талапкердин ишин иликтөөнү улантып жатканын кошумчалады. Ниязалиевага карата ишти Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгы, Сариевге карата ишти УКМК тергеп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты