БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин белгиледи

  • 10 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрга дайындалган №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо фонддорунун атайын эептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары -РСК Банк жана «Айыл Банк» белгиледи. ​​

 Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо күрѳѳсү100 000 сомду түзѳт.

​Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

-Талапкердин 150 000 сомдон ашпаган өздүк каражаттарынан;

— Саясий партия тарабынан бөлүнгөн 100 000 сомдон ашпаган каражаттардан;  

— жеке адамдардын 200 000 сомдон ашпаган ыктыярдуу берүүлөрүнөн;

— юридикалык жактардын 500 000 сомдон ашпаган берүүлөрүнөн.

Талапкердин, анын ичинде саясий партиядан кѳрсѳтүлгѳн талапкердин шайлоо фондуна  келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын суммасы 10 000 000 сомдон ашпашы керек.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Иллюсрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты