Алтынды мыйзамсыз казып алууга байланыштуу Чаткал районунун акими, ИИБ башчысы жана башкалар кармалды
- 20 часов мурун
- Жаңылыктар
Жер казынасын пайдаланууга лицензиясы жана тиешелүү уруксат берген документтери жок туруп, алтын казылып, жуулуп алынган. Алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо үчүн район акиминин жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын атына которулуп турган. Бул ишке байланыштуу Чаткал районунун акими С.А., Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Т., 1988-жылы туулган Э.А. жана 1979-жылы туулган Ж.З. кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
«Аталган иштерди жүргүзүү үчүн фронталдык жүктөгүч, насостук жана алтынды жууп-тазалоочу жабдуулар колдонулган. Ошол эле учурда жер казынасын пайдаланууга лицензиясы жана тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок туруп, алтын казылып, жуулуп алынган. Кийин мыйзамсыз казылып алынган алтындар мыйзамда белгиленген тартипти кыйгап өтүү менен сатылып турган. Аны сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү акча каражаттарынын мыйзамсыз келип чыгышын жашыруу жана аларга ээлик кылуу менен тескөөгө мыйзамдуу көрүнүш берүү максатында ар кандай аракеттер көрүлгөн.Мындан тышкары, алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо үчүн район акиминин жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын атына акча которуу системалары аркылуу которулуп турган. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында төмөнкү жарандар кармалды: Чаткал районунун акими 1975-жылы туулган С.А.; Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы 1972-жылы туулган Т.Т.; 1988-жылы туулган Э.А. жана 1979-жылы туулган Ж.З. кармалды» деп айтылат ИИМ маалыматында.
Кармалгандар камакка алынды.Тергөө иштери улантылууда.



Сүрөттөр: ИИМ




