БШК Равшан Жээнбековду талапкер катары каттоону создуктурууда

  • 3 года мурун

Убактылуу камак жайындагы саясатчы Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуу үчүн талапкер болуп катталууга талап кылынган документтердин топтомун 13-октябрда БШКга тапшырып, 15-октябрда талапкердин күрөөсүн банктагы ачылган эсепке салган. БШК булар боюнча тастыктоочу документин берген. Бирок БШК аны талапкер каттай каттай элек.

Бул тууралуу Равшан Жээнбековдун тарапташтары билдирди.

Конституциялык мыйзамдын талабы боюнча (п.3 ст. 61) БШК талапкердин арызын жана документтерин кабыл алгандан жана күрөө төлөнгөндөн кийин 10 күндүн ичинде талапкердин документтерин текшерип, каттоого алышы керек (же негиздүү түрдө баш тартат).

Равшан Жээнбеков документтерин жана күрөөсүн тапшыргандан бери 12 күн өттү. Тилекке каршы, БШК аны дагы деле каттоого ала элек.

12-октябрда убактылуу камак жайында жаткан экс-депутат Равшан Жээнбековду конвойдун коштоосунда Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерликке документ тапшыртуу үчүн алып барышкан.

Ал Бишкек шаарынын №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталуу үчүн документтерин толук тапшырды жана шайлоо күрөөсүн төккөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты