Равшан Жээнбеков күрөө акчасын төктү

  • 3 года мурун

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталуу үчүн документтерин толук тапшырды жана шайлоо күрөөсүн төктү.

Буга чейин, 12-октябрда, убактылуу камак жайында жаткан экс-депутат Равшан Жээнбековду конвойдун коштоосунда Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерликке документ тапшыртуу үчүн алып барышканы белгилүү.

Эми БШКнын Равшан Жээнбековду алдыдагы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер кылып каттоо жөнүндө чечими калды. Каттоо иши БШКнын календары боюнча 27-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты