БШК  Момбеков боюнча сот чечимине шайлоодон кийин даттанат

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык административдик сотунун Рыскелди Момбековду талапкерликтен четтетүү  чечимин жокко чыгарууга каршы доо арызды Жогорку Кеңешке шайлоо өткөндөн кийин берет.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.   

Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаардык административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Рыскелди Момбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликтен четтетүү чечимин жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-ноябрдагы отурумунда «Социал-демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган.

Боршайком мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алганын билдирди. Министрлик жөнөткөн катка ылайык, Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылган эместиги айтылган.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты