Шайлоо-2021: БШК Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-ноябрдагы отурумунда «Социал-демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды.

Боршайком мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алганын билдирди. Министрлик жөнөткөн катка ылайык, Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылган эмес.

Билим берүү министрлиги Рыскелди Момбеков көрсөткөн дипломдун каттоо номери 2003-жылы бухгалтериялык каттоо адистиги боюнча башка адамга берилгенин аныктаган. Ошондой эле министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан, экинчи диплому мыйзамсыз экенин билдирген.

«Социал-демократтар» партиясынын өкүлү диплом боюнча маселе сотто каралышы керектигин айтып, сот чечими чыкканча Момбековдун шайлануу укугун чектебей турууга чакырды.

Буга чейин атайын кызмат Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Атайын кызмат Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгон деп билдирген.

Саясатчынын өзү мындай айыптоону кескин четке кагып келет. БШК жыйынында Момбеков дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экенин айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты