Сот БШКнын Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечимин жокко чыгарды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаардык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Рыскелди Момбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликтен четтетүү чечимин жокко чыгарды.

Бул тууралуу Рыскелди Момбеков социалдык тармактар аркыдуу билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-ноябрдагы отурумунда «Социал-демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды.

Боршайком мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алганын билдирди. Министрлик жөнөткөн катка ылайык, Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылган эместиги айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты