БШКнын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

“УКМКга А.Д. аттуу жаран БШКнын учурдагы мүчөсү А. Э.нин үстүнөн арыз жазып кайрылган. А. Э. “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн бири менен сүйлөшүүгө барып, арыздануучудан 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу парламенттик шайлоодо аталган партиянын алдыңкы бештигине киргизип берүүнү убадалап, 550 000 АКШ долларын алган. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 000 АКШ долларын А.Д.га кайтарып беришип, калган 250 000 АКШ долларын өздөрүнө ыйгарып алуу менен арыздануучуга ири өлчөмдө зыян келтиришкен”, — деп айтылат билдирүүдө.

11-сентябрь күнү БШК өкүлүнүн өзгөчө статусун эске алуу менен Башкы прокуратура анын кылмышка шектелип жаткандыгы боюнча билдирүү жөнөткөн. Ошол эле күнү ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кармалып, баш коргоо чарасын кабыл алуу үчүн Биринчи Май райондук сотуна жеткирилген.

Биринчи Май райондук соту кылмыштын оордугун жана келтирилген зыяндын көлөмүн эске алуу менен А.Э.ни тергөө иши бүткөнгө чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алды.

БШКнын мүчөлөрүнүн арасында А.Э инициалына дал келүүчү Акылбек Эшимов гана бар.


[ЭБ1]

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты