БШК: «Клоопко» шайлоого байкоо салууга уруксат берүү маселеси толук каралып бүтө элек

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Клооп Медиа» коомдук фондуна шайлоого байкоо салууга уруксат берүү маселесин толук карап бүтө элек. Бул маселе БШКнын жыйынында каралат.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматовдун сөзүнө таянып жазды. Маматовдун айтымында, «Клооп Медиа» боюнча буга чейин толук чечим чыккан эмес, жөн гана түшүндүрмө берилген.

«Клооп Медиа» каттоодон баш тартты деп маалымат таратып жатат. Бул туура эмес. БШК түшүндүрмө гана берген, каттоодон баш тарттык деген чечим жок. Биз муну карай элекпиз, аны карайбыз. «Клооп медиа» быйыл январь айынан бери иштеп баштап, тажрыйбасын баштаган. Алар дагы уставына шайлоого байкоо жүргүзөбүз деп эле өзгөртүү киргизип коюш керек. Байкоо процесси таза, ачык-айкын өтүшү үчүн БШК байкоочулар тууралуу жобого өзгөртүү киргизген. “Клооптун” юристтери бул нормадан кабары бар болчу», — деди Маматов.

Буга чейин «Клооп Медиа» коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат бербей койгон чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

«Клооп Медиа» коомдук фонду шайлоонун алдында 1500дей байкоочуну окутуп, добуш берүү күнү шайлоо тилкелерине жайгаштырып келген. Алар добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, кетирилген кемчилик, бурмалоо, мыйзам бузууларды катташчу. Добуш берүү аяктаган соң, башка байкоочулар менен тең укукта добуштардын саналышына жана протоколдордун түзүлүшүнө көз салып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты