«Клооп Медиа» БШКнын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды

  • 2 года мурун

«Клооп Медиа» коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоого байкоо салууга уруксат бербөө жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу «Клооп Медианын» өкүлү Элвира Султанмурат кызынын маалыматына таянып жазды.

«Бизге берген баш тартуу түшүндүрмөсүндө БШК жаңы шайлоо мыйзамдарына таяныптыр. Бирок биз буга чейинки төрт шайлоого байкоо жүргүзүп, чагылдырып, кетирилген кемчиликтерди жана мыйзам бузуулардын ар бирин акт менен бекитип, БШКга берип келгенбиз. Ар бир акттын каралып, чечилишин талап кылганбыз. Айрым каралбай калган учурларда боршайкомдун андай аракеттерин ачык жазганбыз. Балким бизге ошол үчүн шайлоого байкоо жүргүзүүгө атайын уруксат бербей коюшту деп ойлоп жатабыз. БШКнын бул чечими Конституцияга каршы келет» — деп билдирди Султанмурат кызы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Клооп Медиа» коомдук фондуна 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат берген эмес. Боршайком мындай чечимди 5-ноябрдагы жыйынында кабыл алып, бирок «Клооп Медиага» 8-ноябрда кабарлаган. БШК жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, агенттиктин уставында шайлоолорго байкоо жүргүзүү тууралуу жазылбаганын билдирген.

«Клооп Медиа» коомдук фонду шайлоонун алдында 1500дей байкоочуну окутуп, добуш берүү күнү шайлоо тилкелерине жайгаштырып келген. Алар добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, кетирилген кемчилик, бурмалоо, мыйзам бузууларды катташчу. Добуш берүү аяктаган соң, башка байкоочулар менен тең укукта добуштардын саналышына жана протоколдордун түзүлүшүнө көз салчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты