БШК үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн бир катар жарандарга айып пул салды

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн бир катар жарандарга айып пул салды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Бакмурат Токтогуловго шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы жана талапкерлер жөнүндө жалган маалымат тараткандыгы үчүн 65- жана 66-беренелерге ылайык, жалпы 7500 сом жана 12000 сом  айып пул салынды;

Ал эми Айбек Теңизбай, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасановго шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн 65-беренеге ылайык, 7500 айып пул салынды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты