БШК эки округ боюнча ЖК депутаттарын кайра шайлоого бюллетендерди жөнөттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 21-февралда, «Учкун» имаратында даярдалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.

Бюллетендер Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу маалында БШК мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

  • 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 110 970 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 44 388, орус тилинде 66 582 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.
  • 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 104 788 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 41 916, орус тилинде 62 872 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын чүчү кулакта аныкталган кезекте камтыйт.

Шайлоо бюллетендеринде коргоонун жогорку даражасы бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн бюллетенге атайын коргоочу боёк жуктурулат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди акты боюнча округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендери коопсуздуктун бардык чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорт менен жөнөтүлөт.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 51 талапкер катышууда.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты