Депутат Элдар Сулайманов мандатын тапшырганы БШКга арыз берди
- 4 недели мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Борбордук шайлоо комиссиясына мандатын тапшыруу боюнча арыз берди.
Элдар Сулайманов эмне себептен депутаттык мандатын тапшырары белгисиз. Буга чейин анын мурдагы жубайы менен болгон чыры социалдык тармактарда жарыяланып келген.
Депутат Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы Асел Азаматова Тредс социалдык түйүнүндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып чыкты. 2022-жылы кош бойлуу кезинде жана андан кийин катуу сабалып, ошол кезде укук коргоо органдарына кайрылгандыгын билдирди. Ал кезде күйөөсүн кечирип койгон. Бирок зомбулук токтобой, ажырашууга арыз жазган. 2024-жылдын 6-апрелинде мурдагы жолдошу аны үч баласынын көзүнчө сабаганын билдирип, кайрадан милицияга кайрылган.
Ички иштер министрлиги бул окуя көзөмөлгө алынганын, тийиштүү чара көрүлөрүн билдирген.
Элдар Сулайманов анын мурдагы жубайы Асел Азаматованын үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтарына байланыштуу түшүндүрмө берген.
-Коомчулукка тараган бул маселе жеке мүнөздөгү, көптөн бери уланып келген үй-бүлөлүк пикир келишпестикке байланыштуу. Айтылып жаткан куру доомат билдирүүлөр бир тараптуу мүнөзгө ээ, бул үчүн укуктук баа берүү талап кылынат. Эгер мен окуянын экинчи жагын толук айтып берсем, бүгүн мени сындап же жек көрүп жаткан адамдар да ойлоно тургандай жагдайлар бар. Бирок мен буга барбайм. Ошондуктан чындыкты толук билбей туруп, жыйынтык чыгарбаныздар. Учурда мага карата күнөөнү тастыктаган соттун мыйзамдуу чечими жок. Мен жагдайдын толук жана адилет каралышына ачыкмын. Коомчулуктан жана ММКдан тиешелүү органдардын чечими чыкканга чейин шашылыш тыянак чыгарбоону суранам,-деди Элдар Сулайманов.
Элдар Сулаймановдун мандатын тапшыруу арызы бүгүн, саат 14:00тө БШКда каралмакчы.
Сүрөттө: Элдар Сулайманов. kenesh.kg




