Тез арада президенттик шайлоо өткөрүү демилгеси көтөрүлдү
- 4 месяца мурун
Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
-Биз белгилеп кетчү жагдай, учурдагы мамлекет башчысы 2021-жылы эски Конституция боюнча 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Ошол эле жылы, апрель айында, жалпы элдик добуш берүү аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, анда президент 5 жылга шайланары көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 5-майында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген. Анын 3-беренесинин 1-пунктунда мындай деп жазылган:
«2021-жылы 6 жылдык мөөнөткө шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын Конституцияга ылайык жүзөгө ашырат. Анын 6 жылдык мөөнөтү ушул Конституция боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет».
Юристтер, укук таануучулар жана саясат таануучулар бул маселеде эки лагерге бөлүнүп, бири мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл десе, башкалары учурдагы президенттик мөөнөт бүткүчө күтүш керек деген пикирде.
«Жогоруда белгилеген өлкө алдындагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз» деп жазылган Кайрылууда.
Кайрылууга бардыгы болуп 75 адам кол койгон.
1. Мамытов Миталип, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик; 2. Осмонбетов Кубат, Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, академик; 3. Жумагулов Аскарбек, Чүй облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, КР эмгек сиңирген экономисти; 4. Калматов Тойгонбек, КР ЖК экс-депутаты, экс-министр; 5. Чынгышев Турсунбек, КР экс-премьер-министри; 6. Касиев Накен, КР экс-мамлекеттик катчысы, академик; 7. Нур уулу Досбол, КР ЖК экс-мамлекеттик катчысы; 8. Ашыралиев Кемел, КР ЖК экс-депутаты, экс-губернатор; 9. Эрматов Аскербек, КРЖК экс-депутаты; 10. Исмаилов Эсен, КР ЖК экс-депутаты, Кыргыз Эл артисти; 11. Осмоналиев Каныбек, олимпиада чемпиону; 12. Рыскулов Акбар, Кыргыз Эл акыны; 13. Хакимов Зафар, КР ЖК экс-депутаты, экс-министр; 14. Токтоматов Нурмамбет, КР эмгек сиңирген кызматкери, илим доктору; 15. Мамытов Токон, генерал-лейтенант, илим доктору; 16. Турсункулов Асан, Кыргыз Эл сүрөтчүсү; 17. Сатыбалдиев Жантөрө, КР экс-премьер-министри; 18. Абылгазиев Мухаммедкалый, КР экс-премьер-министри; 19. Боронов Кубатбек, КР экс-премьер-министри; 20. Берикбаев Дөөлөтбек, КР ЖК экс-депутаты; 21. Жунусов Ибрагим, КР ЖК экс-депутаты, Кыргыз Эл артисти; 22. Керимкулов Медетбек, Бишкек шаарынын экс-мэри; 23. Мураталиев Байымбет, экс-губернатор; 24. Мамбетов Мукаш, «Ысык-Көл» коомдук уюмунун төрагасы ж.б. Кайрылууга бардыгы 75 киши кол койгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




