БШК чет өлкөлөрдө 91 шайлоо округун түздү
- 1 месяц мурун
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында 24-октябрда, Борбордук комиссиясы (БШК) өзүнүн жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн дагы 20 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.Ошону менен чет өлкөлөрдө БШК түзгөн шайлоо участокторунун саны 91 болду.
Кийинки шайлоо участоктору төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:
Россияда 14 участок: Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Улан-Удэ, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Красноярск (кошумча участок), Новосибирск (кошумча участок), Томск, Мурманск жана Набережные Челны шаарларында.
Казакстанда 2 участок: Атырау жана Караганда шаарларында.
Мындан тышкары, Тэджон (Корея Республикасы), Неаполь (Италия), Медина (Сауд Аравиясы) жана Каир (Египет) шаарларында бирден шайлоо участогу ачылды.
Муну менен чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларынын жалпы саны 91ге жетти.
2025-жылдын 18-октябрында КР БШКсы чет өлкөлөрдө 71 шайлоо участогун түзүү тууралуу токтом кабыл алган.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: БШК.




