Сауд Арабия парламентинин делегациясы Кыргызстанга расмий сапар менен келди
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар
22-ноябрда Сауд Арабия мажлис аш-шурасынын (парламентинин) өрагасы Абдулла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров тосуп алышты.
Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинен Жогорку Кеңеш төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушуу пландаштырылган.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




