БШК: 30-октябрда саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алуу эртең, 30-октябрда саат 18:00гө чейин жүргүзүлөрүн эскертти.
Талапкерлер 2-ноябрга чейин документтердин толук пакетин тапшырууга тийиш, ал эми талапкерлерди каттоо 9-ноябрда аяктайт.
10-ноябрдан тартып, үгүт кампаниясы башталат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




