Борбор Азия-Италия: Президент Жапаров саммитке катышуу үчүн Астанага барды
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астана шаарына барды.
Мамлекет башчынын учагы Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышат. Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.
Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелонинин катышуусу күтүлүүдө.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү