Борбор Азия — Италия: Астанада биринчи саммит өтөт
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров 30-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышуу үчүн Астана шаарына барат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргени тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылды.
Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.
Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелонинин катышуусу күтүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




