Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан деген шек менен жаран кармалды

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлеттик комитет  (УКМК) 24-майда Нарын облусунун 2001-жылы туулган Р.Ж.Р аттуу жаран бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн кармалганын маалымдады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2023-жылдын 24-майында саат 00:46да «Инстаграм» социалдык тармагындагы “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин төрагасынын Ж.К.Р.нын (№21 угуусу начар жана укпаган балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучусу) жеке аккаунтуна бейбаштык максатында “bombaa195” аттуу фейк аккаунтунан №21- адистештирилген мектеп-интернатынын аймагына кечке маал жардыргыч зат коюу пландалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү жөнөткөн.

Ыкчам аракет көрүү планына ылайык, студенттерди жана мекемелердин кызматкерлерин эвакуациялоо чаралары көрүлүп, бирок жогорудагы даректин имараттарын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар жана башка кооптуу нерселер табылган эмес. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам КР мыйзамдарына ылайык жазага тартылат.

УКМК мындай аракеттер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет, анткени кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык боло турган жарылуу, өрт коюу же башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү — беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар борбордун ондон ашык же отузздай мектептерге түшкөнү маалымдалган.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты