Бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар борбордун ондон ашык мектептерине түшкөнү маалымдалды  

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мектептерине бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар бүгүн, 26-апрелде да түшүүдө. Бишкек шаарынын   № 4, 63, 90, 33, 51, 17, 67, 62, «Рефал», Oxford International School мектептерине бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар түшүп, окуучулар жана окутуучулар эвакуацияланган.  

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.  

Буга чейин да Бишкек шаарынын бир катар мектептерине бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар түшүп, окуучулар жана мугалимлер эвакуацияланган. Бирок маалыматтар тастыкталган эмес. Жалган маалыматты жиберип жаткандар табыла элек.  

Ички иштер министрлиги билип туруп, даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабар берүү — беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертти.

«Бомба» жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын демейдегидей ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз. Сиз “бомба” (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш деп эсептелет. Мындай кылмыштар ар кандай жазалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү. Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жок- бул маанилүү эмес. Сиздин аракеттериңиздин себеби ар кандай болушу мүмкүн: бейбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин «сапатын» текшерүү же болбосо, ишканалар менен мекемелердин демейдеги иш тартибин бузуу.

Жыйынтык- бул кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) каралган кылмыш билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат» деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Сүрөт: Бишкек ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты