Болот Темировдун офисинен табылган тыңшоочу шайман мурунку ижара ээлерине таандык болгон

  • 3 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун офисинен табылган тыңшоочу аппарат мурунку ижара ээлерине таандык болгон. Шайман туташтырылбаган жана мурдагы ижарачылар тарабынан видеокөзөмөл камерасы менен чогуу пайдаланылган.

Бул тууралуу журналист Фейсбук баракчасында билдирди.

-Шорох-7 микрофону боюнча биздин адистер шыптагы коомуникацияны текшерип чыгышты. Ал шайман туташтырылбаган жана  мурдагы ижарачыоар тарабынан видеокөзөмөл камерасы менен чогуу пайдаланылган болуп чыкты. Көз жаздымда калтыргандан көрө,  баарын байкап турган жакшы, -деп билдирди ал.    

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун офисинен тыңшоочу аппарат табылганы маалым болгон.

 

-Азырынча тыңшоочу аппаратты ким койгону такталып жатат. Балким кеңсенин мурдагы ижарачылары тарабынан коюлушу да мүмкүн, -деген ал кабарчыларыбызга.  

Темиров ошондой эле “Айт-айт десе” долбоорунан Болот Назаров “Жорго” такси чакырса, ар кыл айдоочулар келем деп чалса да, келгенде дайыма бир айдоочу болуп чыгарын билдирди. Ал номурду текшергенде Нурлан “ГКНБ”, Нурлан “АКС” деген номур чыгаарын кошумчалаган.   

Сүрөт: Темировдун ФБ баракчасынан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты