Иликтөөчү журналист Болот Темировдун офисинен тыңшоочу аппарат табылды

  • 3 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун офисинен тыңшоочу аппарат табылды.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында билдирди.

-Биздин кеңседен ушундай атайын каражаттар менен шыкалган аппарат  табылды. Эми саат 10дон 16га чейин ал бизде нөөмөттө турат, -деп билдирди Фейсбук баракчасында.    

Журналист менен байланышканыбызда, ал тыңшоочу аппарат ким тарабынан коюлгандыгы иликтенип жатканын айтты.   

-Азырынча тыңшоочу аппаратты ким койгону такталып жатат. Балким кеңсенин мурдагы ижарачылары тарабынан коюлушу да мүмкүн, -деди ал кабарчыларыбызга.  

Буга чейин  9-январда түшкө маал ал учурдагы Factcheck. kg порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкендиги белгилүү.

Темиров бир катар резонанстуу иликтөөлөрү менен белгилүү.

Ал ошондой эле “Айт-айт десе” долбоорунан Болот Назаров “Жорго” такси чакырса, ар кыл айдоочулар келем деп чалса да, келгенде дайыма бир айдоочу болуп чыгарын билдирди. Ал номурду текшергенде Нурлан “ГКНБ”, Нурлан “АКС” деген номур чыгаарын кошумчалады.     

Сүрөт: Социалдык тармактан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты