Болот Темировду каякка алып кетишкени белгисиз. Аны алып кеткен автомашина аэропортто турганы айтылууда

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин аткаруу Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматына жүктөлгөнүн Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Бирок азыркы учурда Болот Темировдун кайсы жакта экени белгисиз болууда.

Сот чечиминин түшүндүрмөсүндө, Болот Темиров кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине таянып, эл аралык жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгарылары айтылат.

Актилек Капаров Фейсбукта Болот Темировду соттон алып кеткен автомашина «Манас» аэропорту тарабында турганын билдирди. Ал эми жакынкы

Бүгүн, 23-ноябрда, Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Аны сот залынан кармап алып кетишти. Учурда журналисттин кайда экени белгисиз. Аны сот залынан алып кеткен машина учурда «Манас» аэропортунда турганы айтылууда.

Балким Болот Темировду ушул рейске салып, Москвага кетирип жибериши мүмкүн.

Болот Темировду каякка алып кетишкени белгисиз. Аны алып кеткен автомашина аэропортто турганы айтылууда

28-сентябрда Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов ага карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган чечим чыгарган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Болот Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы белгиленген эмес.

Сүрөт: Кактус Медиа.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты