Жаза аткаруу кызматы Махабат Тажибек кызынын сабалганын төгүндөдү

  • 1 месяц мурун

Учурда камакта кармалып жаткан “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы тергөө абагында сабалганы тууралуу маалыматты журналист Болот Темиров Телеграм-каналына жазып чыкты.

Маалыматта журналистти камералаштары менен чогуу Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери сабаганы айтылат.

Жаза аткаруу кызматы Болот Темировдун маалыматын төгүндөдү. «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева тергөө абагынын кызматкерлеринин абакта отургандарга кол көтөрүүгө укугу жоктугун билдирди.

«Болот Темировдун бул маалыматы боюнча териштирип, сурадык. Эч кандай уруп-сабоо болгон эмес. 5-апрелде Махабат Тажыбек отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу чечими чыккан. Бирок тиги аял каршы болуп, «чыкпайм» деп, камералаштарынан жардам сураптыр. Махабат Тажибек кызы ага болушуп, Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине чогуу каршылык көрсөтүп, ары-бери тартышыптыр. Ошол учурда керебет, дубалдарга урунуп денеси сыйрылып калышы ыктымал экени айтылып жатат. Эч кандай сабоо болгон эмес, абактын кызматкерлери сабамак тургай, кол көтөрө алышпайт. Анткени камералардын баарында видео байкоо бар», — деди Ызаат Тургунбаева.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты