Болгария менен Румыния да кыргызстандыктарга Шенген визасын бере баштады

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Шенген аймагынын визалык саясатындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымдады. 11-июндан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт. Болгария менен Румыния үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) Шенген визаларын бере баштады.

Ошентип, виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки виза үчүн кайрылгандардан консулдук жыйым 45 еврону түзөт.

Шенген мейкиндигиндеги дагы бир жаңылык — бул аймакка Болгария менен Румыниянын жарым-жартылай кошулушу. 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Болгария менен Румыния үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) Шенген визаларын бере баштады.

Буга чейин Шенген визасын алуу үчүн төлөнө турган сумма 12%га жогорулай турганы маалымдалган.

Бүгүнкү күндө чоңдор үчүн консулдук төлөм 80 еврону, алты жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 40 еврону түзөт.

Европа комиссиясы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү инфляцияга жана мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлыгына жараша ар үч жыл сайын шенген визасынын баасына өзгөртүүлөрдү киргизип турат. Учурда Шенген аймагына 27 мамлекет кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты