Июнь айынан тартып шенген визасы 12% кымбаттайт

  • 2 месяца мурун

Кийинки айдан тартып кыска мөөнөттүү шенген визасын алуу үчүн төлөнө турган сумма жогорулайт.

Бул тууралуу Словениянын чет өлкөлүк жана европалык иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы эреже дүйнө жүзү боюнча 11-июндан тартып иштей баштайт. Ага ылайык, чоңдор үчүн шенген визасынын баасы 90 еврону, 12 жашка чейинки балдар үчүн 45 еврону түзүп калат. Алты жашка чейинки балдар үчүн буга чейинкидей эле төлөм алынбайт.

Бүгүнкү күндө чоңдор үчүн консулдук төлөм 80 еврону, алты жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 40 еврону түзөт.

Европа комиссиясы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү инфляцияга жана мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлыгына жараша ар үч жыл сайын шенген визасынын баасына өзгөртүүлөрдү киргизип турат. Учурда Шенген аймагына 27 мамлекет кирет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты