Эдил Байсалов АКШ жарандары үчүн Кыргызстанга визасыз кирүү режимин кайра карап чыгууну сунуштады
- 2 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШнын жарандары үчүн Кыргызстанга визасыз режимди кайра карап чыгууну сунуштады.
-Кечээ АКШ тарабынан Кыргызстан жарандары үчүн 15 миң долларга чейин визалык күрөө тууралуу режим киргизилгенден кийин, биз АКШнын жарандары үчүн Кыргызстанга визасыз режимди карап чыгууну демилгелешибиз керек. Визасыз саясат бул — паритеттүүлүк жана өзүн өзү сыйлоо. Эгер биздин жарандар үчүн жогорку барьер киргизилип жатса, биз эч нерсе болбогондой түр көрсөтө албайбыз,-деп жазды Эдил Байсалов Твиттер социалдык тармагына.
Кыргызстандын жарандары эми АКШга виза алуу үчүн 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек. Бул чечим 2026 жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.
Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында маалымдалды.
АКШ виза күрөөсү кире турган төмөндөгү 38 мамлекеттин тизмесин жарыялады. Бул тизменин арасында Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан да бар.
Считаю, что мы должны инициировать пересмотр нашего безвизового режима для граждан США после объявленных вчера Госдепом новых визовых требований, согласно которым граждане Кыргызстана при подаче визовых заявлений обязаны вносить визовый залог до 15 тысяч долларов.
— Edil Baisalov (@baisalov) January 8, 2026
Визовая…




