АКШ 50 өлкө жарандарына 20 миң долларга чейинки визалык күрөө киргизет
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
АКШ 3-августтан тартып 50 өлкөнүн жарандары үчүн 20 миң долларга чейин визалык күрөө киргизет. Тизмеге Борбор Азиянын үч өлкөсү — Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирди.
Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, консулдук кызматкерлер бизнес же туристтик визалар үчүн арыз берген жарандардан 20 миң долларга чейин күрөө талап кыла алат. Бул чара визалык режимди сактоону жана өлкөдөн өз убагында чыгып кетүүнү камсыздоо максатын көздөйт.
Буга чейин 2025-жылы башталган пилоттук программада күрөө суммасы 5 миңден 15 миң долларга чейин болгон. Күрөө каражаты өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайтарылат.
Ошондой эле акыркы күндөрү АКШнын иммиграция кызматтары визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк жарандарды аэропорттордо текшерип, кармай баштаганы кабарланды. Мындай текшерүүлөр кеминде 15 аэропортто жүргүзүлгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




