АКШга виза алуу үчүн Кыргызстан жарандары 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек
- 2 недели мурун
Кыргызстандын жарандары эми АКШга виза алуу үчүн 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек. Бул чечим 2026 жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.
Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында маалымдалды.
АКШ виза күрөөсү кире турган төмөндөгү 38 мамлекеттин тизмесин жарыялады. Бул тизменин арасында Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан да бар.
Күрөө кире турган турган мамлекеттер тизмеси:
Алжир, Ангола, Антигуа жана Барбуда, Бангладеш, Бенин, Бутан, Ботсвана, Бурунди, Кабо-Верде, Борбор Африка республикасы, Кот-д’Ивуар, Куба, Жибути, Доминика, Фиджи, Габон, Гамбия, Гвинея-Бисау, Кыргызстан, Малави, Мавритания, Намибия, Непал, Нигерия, Сан-Томе жана Принсипи, Сенегал, Тажикстан, Танзания, Того, Тонга, Түркмөнистан, Тувалу, Уганда, Вануату, Венесуэла, Замбия, Зимбабве.
Аталган мамлекеттерин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар) визаларын алуу үчүн 5000, 10 000, 15 000 долларга чейин виза күрөөсүн төлөйт. Төлөнө турган сумманы виза боюнча сүйлөшүүлөрдө консул аныктайт.
Виза алуу үчүн арыз ээси АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтуруп, Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн-платформасы аркылуу күрөө төлөшү керек.
Мамлекеттик департамент белгилегендей, виза алуудагы күрөө талабы туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашык калып калуунун алдын алуу максатын көздөйт.
Аталган чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калгандар боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөрдхн жыйынтыгында кабыл алынган.
Виза күрөөсүн төлөгөндөр АКШга Бостон Логан, Кеннеди атындагы, Вашингтон-Даллес эл аралык аэропортторуна учуп барышы керек.
Эгер виза ээси шарттарды аткарса, АКШдан визада көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгып кетсе, күрөө төлөмү кайтарылат. Эгер визада көрсөтүлгөн мөөнөттө АКШга барбай калса, эгер жаран АКШга кирүүгө уруксат албай калса, күрөө акчасы кайтарылбайт. Ошондой эле виза алган жаран көрсөтүлгөн мөөнөттө АКШдан кетпесе, иммиграциялык статусун өзгөртүп же качкын макамын алууга арыз берсе, күрөө акчасы кайтарылбайт.
Күрөөнүн төлөнүшү виза алууга кепилдик бербейт. Эгер кимдир-бирөө консул айтканга чейин күрөө төлөмүн жүргүзсө, күрөө кайтарылып берилбейт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




