УКМК төрагасы Ташиев кытай жарандары виза боюнча кирип жатканын билдирди
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды мындагы кытай жарандары боюнча кыжалат болбоону, алар каптап кетпей турганын Кемин шаарына салына труган төрөт үйүнүн курулушуна мезгил кутусун салуу учурунда билдирди.
—Акыркы маалда кытай жарандары боюнча ар түрдүү сөздөр чыгып, “кытайлар басып кетти, талап-тоноп алды, кытайлар бардык жерди ээлеп алды” деген көптөгөн туура дагы, туура эмес дагы сындар айтылып жатат. Туура, Кытайдан келген жарандар көбөйдү, себеби мамлекетибизде ири долбоорлор пайда болду. Мамлекетибизге башка мамлекеттен ишенич көрсөтүп, бизде дагы ири долбоорлорду салса болорун, талап-тонолбой турганын, инвестиция алып келсе болоруна ишенди. Айрыкча эки жылда ири инвестициялар келе баштады,-деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле кытай жарандары виза менен келип жатканын, визасы бүткөндөн кийин чыгып кете турганын айтты:
-Бизге кытай жарандары көбөйүп кетти деген дооматтар туура, бирок ошол эле мезгилде аларды иштетишибиз керек. Ар бир мамлекетке кирген кытай жараны виза менен кирет, алардын убактысы болот, эки айдан бир жылга чейин эмгек визасы, туристтик виза 14 күндөн болот. Визасы бүткөндөн кийин тиешелүү мамлекеттик органдар текшерип, аларды чыгарат.
Кечээ жакында, Бишкекте болгон кытайлар жана кыргыздар менен болгон жаңжалда кытай жарандарынын бир жылдык визасы болгон, алар ээнбаштык кылганы үчүн камалып отурат. Реестрде турат, кытай сансыз басып, ээлеп алган жери жок, -деди УКМК төрагасы.
15-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылында массалык мушташ болгон. УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, баштапкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө Константиновка айлынын четиндеги карьерден кум жана шагыл ташып бараткан эки компаниянын айдоочулары жолду бөлүшө албай, чыр чыгып, мушташка айланган.
Жаракат алгандардын бири – 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Медициналык маалыматтар боюнча, мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы, желке бөлүгүндө теринин ачтына кан куюлуу жана жумшак ткандардын көгөргөнү аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө окуянын катышуучулары аныкталып, 44 адам тергөө жүргүзүү үчүн Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Алардын ичинен 19 киши кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин тартибине ылайык кармалып, убактылуу жайга киргизилген.
Сүрөттө: УКМК төрагасы Ташиев. Интернет булактарынан




