Блогер кыз майда бейбаштык үчүн үч суткага камакка алынды

  • 1 год мурун

16-июнь күнү социалдык тармакта “zhanxo” аттуу колдонуучу өзүнүн Инстаграм баракчасында адепсиз жана оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган.

Бул факты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында (ИИБ) катталып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 1993-жылы туулган О.Ж. тергөө кызматына жеткирилип, Ленин РИИБге жөнөтүлгөн.

Ленин райондук сотунун чечими менен укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен үч  суткага камакка алынды.



Ж.О. аттуу инициалдагы блогер кыз Жанара Осмоналиева, буга чейин эл аралык фестивалда ачык көйнөк кийип чыккан. Кинематография департаменти Бишкек эл аралык кинофестивалынын уюштуруучуларына андагы катышуучу Жанара Осмоналиеванын “көк килемге” ачык көйнөк кийип чыкканы үчүн сөгүш берди.

Эл аралык кинофестиваль 11-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн. 

Андагы “көк килемден”  блогер Осмоналиева өтө үлбүрөгөн ачык көйнөк кийгени коомчулукта талкуу жараткан.

Социалдык тармактардагы талкуулардан, комментарийлерден кийин Жанара Осмоналиева видео тасма жарыялап, адепсиз сөздөрдү айткан. Бишкек милициясында ал видеодо айткан сөздөрү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, адепсиз жоругу кайталанбай турганын билдирди.

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты